Бишкектин үч көчөсүн оңдоого 8 миллион доллар бөлүнүүдө

Бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо багытында түзүлгөн кыргыз-кытай келишиминин алгачкы фазасы боюнча макулдашууну колдоду.

Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, келишимге ылайык, кытай тарап Бишкек шаарынын көчөлөрүн оңдоо үчүн 31 миң доллар гранттык каражат караган. Ага 105 чакырым жол оңдолот. Азыр Бишкек шаарынын үч көчөсүндөгү 7,44 чакырым жолду калыбына келтирүү багытында 8 миллион доллар көлөмүндө грант бөлүп жатат.

Комитет мүчөлөрү талкуудан соң келишимди Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүштү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан