Жалал-Абад шаарында Каржы министрлигинин Окуу борборунун филиалы ачылды

Бүгүн, 29-сентябрда Жалал-Абад шаарында Каржы министрлигинин Окуу борборунун филиалынын ачылышы болду. Филиал министрликтин системинин регионалдык бөлүктөрүнүн кызматкерлерин, мамлекеттик сектордогу каржылык отчёттуулук кызматкерлерин жана үч облустук (Ош, Жалал-Абад жана Баткен) мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистерин даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча окутуу үчүн асылганы айтылды. "Мекеме өлкөнүн социалдык-экономикалык маселелерин чечүүгө өбөлгө түзгөн майнаптуу мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун талаптарына жооп берген ийкемдүү окутуу системин түзүп өнүктүрмөкчү",- деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан