Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө департаменти жылуулук жана электр энергиясынын тарифин жогорулатуу боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарган Бишкектин райондор аралык сотунун чечими боюнча билдирүү жасады. Билдирүүдө төмөнкүлөр айтылат:
"Аталган соттун чечими, Жарандык процессуалдык кодекстин нормаларына ылайык, сот чечими чыккан күндөн 30 күндүн ичинде мыйзамдуу түрдө күчүнө кирет. Биринчи инстанциядагы соттун бул чечими боюнча белгиленген тартипте кийинки инстанцияга апелляциялык арыз берилет. Сот чечими мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин жылуулук жана электр энергиясынын тарифи азыркыдай боюнча калат. Электр жылуулук жана электр энергиясын эсептөө өкмөттүн 2014-жылдын 17-июнундагы токтомунун негизинде жүргүзүлөт".
Эскерте кетсек, Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр жана жылуулук энергиясынын тарифин көтөрүү чечимин мыйзамсыз деп таап, токтомду жокко чыгарды. Өкмөттүн токтомуна ылайык, электр жана жылуулук энергиясынын баалары жогорулаган эле. Электр энергиясы боюнча 3 фазалуу абоненттерге баа мурункудай 70 тыйындан эмес, 1 сом 20 тыйын болуп көтөрүлгөн. Жылуулук энергиясы белгиленген чектен ашыкча колдонбогон тиричиликтик колдонуучулар үчүн 1-июлдан тартып 28,3 пайызга өскөн жана 1 гигакалория үчүн 917,7 сомду түзгөн. Мурун бул баа 715 сом болчу. Ал эми чектен ашыкча пайдаланган абоненттер үчүн жылуулук энергиясы 117,8 пайызга өскөн же гигакалория үчүн 1557,25 сом болуп бекитилген (мурун 929 сом болгон).