Автоунааларды өлкөгө алып кирүүдөгү бажы алымдарын көтөрүү боюнча өкмөттүн токтому Жогорку Кеңеште каралат

Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 29-сентябрдагы жыйынында "автоунааларды өлкөгө алып кирүү тартиби боюнча өкмөттүн 2004-жылдын 31-декабрындагы токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому талкууланды. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, акыркы мезгилде Кыргызстанга алынып кирген автоунаалардын саны кескин өсүп жатат. "2010-жылы 30 миң автомашина алынып келинсе, 2013-жылы алардын саны 105 миңге жетти. Алардын 43 пайызын 12 жыл мурда жасалган автоунаалар түзөт. Ошондон улам өлкөнүн экологиялык абалын жакшыртуу максатында эскирген автомашиналардын ташылып киришин жөнгө салуу зарылчылыгы келип чыкты",- дейт министр.

Ал эми Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов буларды айтат: 

"Экологияны бузган эски автомашиналардын агымын токтотуу үчүн азыр эски унааларга карата бажы алымдарын кескин көбөйтүү чечими кабыл алынды. Мисалы, 2 миң кубга чейинки унаалардын бажы алымдарынын өлчөмү ар кубуна 10 центке көбөйдү же өлкө аймагына алып кирүү үчүн кошумча 200 доллар төлөнөт. Жыл аягына чейин бюджетке кошумча 300 миллион сом түшөт. Ал эми келерки жылы анын өлчөмү 1 миллиард сомдон ашат".

Талкууда бажы алымы жеңил автоунааларга гана көтөрүлүп жатканы, калган унаалардын бажы алымы мурдагы бойдон калары айтылды. Комитеттин жетекчиси Курманбек Дыйканбаев өкмөттүн бул токтомун Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү маселеси чечилгенге чейин токтото туруу сунушун берди. Ал эми аталган токтом азыр иштеп жатканын эске салган айрым депутаттар токтомду парламент жыйынында чечүү чечимине келишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан