Алмазбек Атамбаев Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен энергетика тармагында кызматташууну сүйлөштү

29-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу менен жолугушту. Жолугушууда мамлекет башчы Ахмет Давутоглуну Түркиянын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, боордош эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер мындан ары өнүгүп жана тереңдей берерине ишенерин билдирди.

Тараптар кыргыз-түрк мамилелеринин азыркы абалын жана перспективасын, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы Стратегиялык кызматташуунун башкы кеңешинин июнь айындагы жыйынынын чечимдеринин аткарылышы, ошондой эле экономиканын түрдүү тармактарында өз ара аракеттенүү боюнча пландарды талкуулашты. "Энергетика тармагында кызматташууга өзгөчө басым жасалды",- деп билдирет президенттик аппараттын басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан