Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 29-сентябрда "Газпром промгаз" ААКсынын долбоорлоо боюнча башкы директорунун биринчи орун басары Николай Варламов менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын калкы үчүн суюлтулган газды, ал эми Бишкек шаардык ЖЭБине жана өнөр жай ишканаларына жаратылыш газын жеткирүү тууралуу мурдагы келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады. Жоомарт Оторбаев белгилегендей, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын керектөөчүлөрү үчүн суюлтулган газ жеткирүү ишин жана бардык тийиштүү жабдууларды жеткирүү иштерин тездетүү зарыл. “Кеп болуп жаткан жабдуу келе жаткан жылытуу мезгилинде ишке киргизилиши керек. Электр энергиясында түзүлгөн тартыштык кырдаалды эске алуу менен өлкө түштүгүнүн тургундарын, өзгөчө кыш мезгилинде суюлтулган газ менен камсыздоо маселеси өтө курч турат. Аны кыска мөөнөттө чечүү керек",- деди өкмөт башчы.
Николай Варламов "Газпром Кыргызстан" компаниясы аркылуу мурда жетишилген келишимдерди аткаруунун үстүндө иш жүрүп жатканын айтты. “Эртең республикага абалды иликтөө жана түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун оптималдуу жолдорун иштеп чыгуу үчүн "Газпром" ААКсынын адистеринин чоң тобу келет. Биздин эсептөөлөр боюнча, өлкөдө суюлтулган газга карата жалпы муктаждык 6,497 миң метр кубду түзөт, анын ичинде көп кабаттуу турак жайдагы жашоочулар керектеген 2,147 миң метр куб газ да кирет",- деди Варламов.