Кыргызстанда 2014-жылдын июнь-сентябрь айларында автоунаалардын өзгөчө комбинациядагы мамлекеттик номурларын сатуудан 12 миллион 272 400 сом киреше түштү. Муну 30-сентябрда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Аукцион аркылуу 259 номур сатылган, суммасы 3 миллион 797 миң сом.
Аукциондук эмес жол менен 3000 сомдон 2567 номур сатылган, суммасы 7 миллион 626 миң сом.
Аукциондук эмес жол менен 2700 сомдон 222 номур сатылган, суммасы 599 400 сом.
Ассоциативдик номурларды (125 даана) сатуудан 250 миң сом түшкөнү айтылды.