Жогорку Кеңештеги айымдар клубунун өкүлдөрү Швеция, Дания сыяктуу Скандинавия өлкөлөрүндө болуп, алардын иш тажрыйбаларын үйрөнүп келишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы бүгүн, 30-сентябрда билдирди. Айымдар клубунун өкүлдөрү иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу отчёттук маалыматтары менен тааныштырышты.
“Швециянын депутаттары эч кандай кызматтык унааларды колдонбостон, жылдык жол кире алышып, жолдо жүрүү билеттерин колдонушат. Жумушсуздуктун көрсөткүчү ал жерде 1,8-2 пайызды гана түзөт. Парламенттеги айымдардын эсеби 40-47 пайызга жетет. Калкты социалдык жактан коргоонун швециялык үлгүсү да башкаларга өрнөк. Андагы ар бир 16 жашка чейинки балага анын үй-бүлөлүк шартына карабастан, бардыгына бирдей жөлөк пул төлөнөт. Жаш перзенттүү болгон үй-бүлөдөгү ата-эне экөө тең бирдей бала багуу үчүн эмгек өргүүсүн алууга укуктуу. Аларга айлык акысынын 70-80 пайызы туруктуу төлөнүп берилет.
Дания өлкөсү миграция маселесине келгенде катуу тартипти карманып, чет элдик жумушчу күчтөрүн колдонууга муктаждык жок деп эсептейт. Ал эми катардагы карапайым даниялыктар менен бирдей эле бийликтеги аткаминерлери деле кадимки эле велосипедди колдонуп, экологияны таза кармоого олуттуу маани беришет экен",- деп айтылат клуб мүчөлөрүнүн иш сапары тууралуу маалыматта.