Бишкек шаарынын 3 көчөсүн оңдоо боюнча кыргыз-кытай өкмөттөрү ортосундагы протоколго 29-сентябрда Бишкекте кол коюлду. Документке экономика министри Темир Сариев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй кол койгонун министрликтен билдиришти. Долбоорго ылайык, шаардын Пудовкин, Ганди жана Ауэзов көчөлөрүн оңдоо иштери жүрөт: асфальт төшөлүп, лоток коюлуп, жол белгилери орнотулат. Оңдоло турган жолдун жалпы узундугу 7,4 чакырым экени маалым болду. Долбоордун баасы 52,5 миллион юандан ашпай турганы, аны кытай тарап каржылай турганы айтылды.