Сокулук районундагы 3 салык кызматкерине ишиндеги кемчилиги үчүн сөгүш берилди

Сокулук райондук салык кызматынын 2 бөлүм башчысына, 1 башкы инспекторуна жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузганы үчүн сөгүш жарыяланды. Тийиштүү буйрукка Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Замирбек Осмонов кол койду. Жазган кайрылуусуна жооп бербей жатканын айтып салыкчылардын үстүнөн дыйкан чарбалардын биринин жетекчиси арызданган. "Бул кайрылуу боюнча Мамлекеттик салык кызматы кызматтык иликтөө дайындаган. Иликтөөдө кайрылуусуна жооп ала албаган жарандын укугунун бузулганы аныкталды",- деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына 14 күндүн ичинде жооп берүүгө тийиш.   
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан