Бирдиктүү мектеп формасын сатып алууга шарты жокторго акысыз берилбесе, андай форманы мектепке кийүүгө тыюу салынат. Мындай чечим бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында кабыл алынды. Депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Эльвира Сариева жооп берди. Жыйында комитет мүчөлөрү көпчүлүк үй-бүлөлөр ар бир баласына 1500 сомдон сарптап форма алып бере албасын айтып, "өкмөт шарты жокторго акысыз бериши керек" деген сунуш киргизишти. “Биздин сунуштарды өкмөт ойлонуп, аракет кылып көрсүн. Чече албаса, анда тыюу салынат”,- деди комитет төрайымы Дамира Ниязалиева.