Кыргызстанда медициналык окуу жайларда бюджеттик негизде окуган 1801 студентке мамлекет 6 жылда 290-300 миллион сомдой каражат сарптайт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сариева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 30-сентябрдагы жыйынында билдирди. "Медициналык окуу жайларда жалпы 13 112 студент билим алат, алардын 1801и бюджеттик негизде окушат. Бир студентке 1 жылда 26-28 миң сомдун тегерегинде чыгым кетет",- деди ал.
Ошондой эле чыгымдар кайсы багытка жумшаларын кошумчалады.
Айлык акыга - 76 пайызы, Социалдык фондго - 13 пайызы, коммуналдык кызматтарга - 9 пайызы, азык-түлүк сатып алууга - 2 пайызы, башка чыгымдарга 9,9 пайыз жумшалары айтылды.
Комитет төрайымы Дамира Ниязалиева түзүлүп жаткан инфраструктуралык шартты пайдаланып, чет элдик студенттер Кыргызстандан арзан акы төлөө менен билим алып жатканына токтолду. “Медициналык билим алуу дүйнө жүзүндө кымбат турат. Ошон үчүн чет элдик студенттер Кыргызстандан билим алып жатышат. Башка адистиктерден билим алышпайт”,- дейт ал.