5-чакырылыштагы Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча адилеттүү чечим кабыл алышы керек. Муну парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков өзүнүн бир жылдык иши тууралуу берген отчётунда белгиледи. Спикер канадалык тараптын тагдыры боюнча маселеге чекит коюу зарыл экенин айтат. "Бул маселе биздин өлкөнүн экономикасы үчүн гана маанилүү эмес, эл аралык мааниге ээ",- деп билдирди Жээнбеков.