Салык кызматкерлери мыйзамсыз сатыкта турган 9 миң бөтөлкө спирт ичимдигин колго түшүрүштү

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери контрафакттык өндүрүмдөрдү ачыктоо планы боюнча Балыкчы шаарында рейд жүргүзүштү. Текшерүү жүрүшүндө 2011-жылдан бери иштебей турган фирманын атынан жасалма акциздик марка чапталган 9132 бөтөлкө спирт ичимдиги колго түштү. Товардын суммасы 547 920 сом экенин Мамлекеттик салык кызматы билдирет. Материалдар Экологиялык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Жакын арада тийиштүү чечим кабыл алынмакчы. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан