Жогорку окуу жайды бюджеттик негизде окуп бүткөн кадрлар 2 жыл мамлекетке иштеп берүүдөн баш тартышса соттолушат

Бюджеттин эсебинен билим алган студенттер окуу жайды бүткөндөн кийин эки жыл мамлекетке иштеп берүүдөн баш тартышса соттолушат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сариева Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 30-сентябрдагы отурумунда айтты.

Сариева бул норма жеке эле медициналык окуу жайдын студенттерине эмес, жалпы акысыз билим алган студенттерге тиешелүү экенин айтат. “Азыр окууну акысыз бүтүп алып, иштебей жатышат. Ошон үчүн өкмөт ушундай токтом кабыл алды. Ага ылайык, эки жыл иштеп берүүдөн баш тартса, ошол студенттен окутууга кеткен каражатты төлөтүп алуу үчүн соттошобуз”,- дейт ал.

Депутат Алтынбек Сулайманов: “Кеткен чыгымды кайтарабыз деп ар бири менен соттошуп отурсаңар канча убактыңар кетет, эмне, өкмөттүн башка кылар иши жокпу?”- деди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан