Мексикадагы коркунучтуу куурчак аралы туристтерди таң калтырып келет

Мексиканын борбору Мехикодо коркунучтуу тасмаларда көрсөтүлүп келген куурчак аралы бар. Чет элдик массалык маалымат каражаттарына таянсак, анын жаралыш тарыхы абдан кейиштүү. Бир канча жыл мурун кичине бир кыз чөгүп кетип, бул жер аны эскерүү жайына айланган. Isla de las Muñecas деп аталган арал жадакалса кайраттуулардын жүрөгүнүн үшүн алчудай бар. Анткени ал жер жалаң асылган куурчактарга толгон.

Мунун баары 60 жыл мурун башталган. Мексикалык Жулиан Сантана Баррера аттуу жаран киши жашабаган бул жерди кароо үчүн көчүп келип, отурукташып калган. Бир күнү аралдын кароолчусу каналдардын биринде чөгүп жаткан наристенин кыйкырыгын угуп жетип барат. Тилекке каршы, кечигип калып, кыз чөгүп кетет. Бир канча күндөн кийин кароолчу ошол каналдын үстүндө калкып бара жаткан куурчакты көрүп, аны суудан чыгарып, каза болгон кыздын элесине арнап бакка илип коёт. Мындай жагдай кайталанып, Жулианды таң калтырган. Ырымчыл кароолчу "бул жогору жактан келген белги, өлүп калган кыздын жаны көп куурчак илүүгө чакырып жатат" деп чечкен. Жулиан оюнчуктарды бардык жерден, каналдардан, таштандылардан издеп кирген. Кароолчу тапкандарынын баарын иле берип, колу, буту, башы жок куурчактар бардык жерде пайда болгон.

Жергиликтүү тургундар болсо куурчак аралына жакындоодон корко баштаган. Алар "куурчактын башы кыймылдайт, көзүн ачат, кечинде болсо коркунучтуу үн угулат" деп белгилешкен. Ал эми кароолчу "бул куурчактардын жанында кичине кыздын жаны жай алып, өзүн жалгыз сезбейт" деп ишенген.

Бул арал Жулиан Сантана Баррера тирүү кезинде эле Мексиканын көзгө урунган атактуу жерине айланган.

Белгилей кетсек, куурчак аралында жайгашкан көл ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмегине кирген. Бирок туристтик агенттиктер ал жерге барбоону сунушташат. Анткен менен бул жай туристтерди магниттей өзүнө тартат.

Бул аралга келген туристтер куурчак алып келе башташкан. Бирок жаңы, татынакай куурчактар жаан-чачындан улам кебетелери кетип, коркунучтуу болуп калышат.

Ал эми 2001-жылы Жулиандын сөөгү кичине кыз чөгүп кеткен жерде табылгандан бери элдер аны каргыш тийген арал деп атап келишет.

Азыркы убакта аралда дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген миңге жакын куурчак илинип турат. 

Коркунучтуу окуя: Куурчактар аралы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Umka220190
2014-09-30 16:08:30
Байкуш куурчактар, ай!
0
Sarabanda
2014-09-30 17:10:40
мага жакты куурчактардын жанында суротко тушкум келип жатат!
-5
baiysh0704
2014-10-01 06:10:33
Sarabanda, суротко туш,анан ошол жерде калып калба омур бою куурчак болуп.
0
LEDI7MERI
2014-09-30 20:08:55
Жаман коркунучтуу го.
0
Асылжан
2014-10-01 09:36:48
Мен барбайт болчумун. Коркунучтуу экен аябай(((
+2
mikinookat
2014-10-01 11:42:49
жон эле журойун тушко кирет,,,
0
aika0906
2014-10-04 23:11:12
Ммм коркунучтуу экен . Мен да корктум уйдо жалгыз элем.
0
temirov76
2014-10-05 13:10:51
Биздин динге туура келбеген эмелер экен
0
emilbek1
2014-10-09 06:35:43
Ушул кантип болсун эми... Кап каяктагыны чыгарышыптыр да. Тан калыштын деле кереги жоктой гооооо
0
taalaibest
2014-10-27 16:26:08
Мага аябай жакты. Баргым келип жатат
0
sarishka
2015-01-10 03:40:47
Aiabai korkunuchtuu eken yjas kinodogudaigo al jerge barsan tochno kinodogudai bolchudai
0
Nurmatova
2015-02-23 23:05:59
Мен ужас кинолорду аябай жакшы кором!
Ушул аралга баргым келип атат,бирок жанында эч нерседен корпогон шерик болсо эч нерседер коркпойсун деле!!!
0
Bektur2
2015-03-16 22:16:32
Бул аралга барып уктай албай жургучо корбой арманда калган жакшы го
0
Meruet84
2015-03-17 14:00:15
Аябай коркунучтуу экен тобоо .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан