Кыргызстанда быйыл 183 миң гектар жерге күздүк буудай, 10 миң гектар жерге арпа себүү пландалууда. Муну 30-сентябрда Айыл чарба жана мелиорация министрлиги билдирди. Учурда күздүк эгүү иши Ысык-Көл жана Чүй облустарында тегиз жүрүп жатат. Быйылкы жыл кургакчыл болгондуктан, дыйкандар жерди алдын ала сугарып алуу ыкмасы менен дан эгиндерин эгүүдө. Жалпы республика боюнча 5 миң гектарга жакын аянтка буудай себилди.
Күздүк эгүү иши боюнча атайын штаб иштеп жатат. Алар жер-жерлерди кыдырып, дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен күздүктү уюшкандыкта өткөрүүгө көмөктөшүүдө.