Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин жыйынында учурдагы илимдин абалы жана келечеги талкууланды. Комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев илимди кризистен чыгаруунун жолдорун көрсөтүүгө аракет болгону менен, бул жааттагы көйгөйлөр каражатка барып такалат деп шылтоолонуп келе жатканын айтты. Окумуштууларды бүгүнкү отурумда кырдаалдан чыгуунун жолдорун, илим менен инновациянын бирдиктүү саясатын жүргүзүү боюнча пикирлерди салмактап, иштиктүү сунуштарды терең талдоого алууга чакырды.
Депутат Роза Акназарова илим тутумун реформалоо жана илимий иштерди кайра жандандыруу боюнча башка кайсы мамлекеттердин моделин иликтегендигине кызыкты. Вице-спикер Бөдөш Мамырова илим жаатын жолго коюу үчүн эң биринчи мамлекеттик буйрутмалардын болушу керектигин билдирди.
Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев баштаган окумуштуулар КРнын Президентине караштуу Илим тутумун реформалоо боюнча коомдук эксперттик кеңештин сунуштамаларында илим жаатында бир дагы сөз жоктугун сынга алышты.
Жыйынтыгында өкмөттүк макамга ээ болгон жумушчу топ түзүүнү өкмөткө тапшыруу чечими кабыл алынды.