Чет мамлекеттин жарандарына Кыргызстандын аймагынан жер тилкелерин сатып алууга тыюу салынмакчы. Тийиштүү мыйзам долбоорун бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети карап, экинчи окууда парламенттин кароосуна жиберди.
Мыйзам долбооруна ылайык, Турак жай кодексине өзгөртүү киргизүү менен чет мамлекеттик жарандардын турак жай сатып алуу укугун чектөө каралат. Бул мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоону көздөйт. Ошондой эле мыйзам долбоору менен турак жай маселесин жөнгө салууга катышуучу атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тизмегинен чет өлкөлүк жарандарга турак жайларды алуусуна макулдук берүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды алып салуу сунушталат.
Мыйзам долбоордун демилгечиси депутат Кожобек Рыспаевдин айтымында, турак жайдын чарчы метрине болгон баа негизсиз жогорулоодо. “Аны сатып алуучулар негизинен чет өлкөлүктөр. 2014-жылдын январь айынан тартып бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1200 объекти сатылыптыр”,- дейт ал. Депутаттардын айрым сунуштары эске алынып, экинчи окууда парламенттин кароосуна жиберилди.