Бүгүн, 30-сентябрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитети “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун карап, үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбооруна ылайык, иштер жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай жана накталай эмес эсептешүүлөрдүн ыкмаларын караштыруучу 4-беренеге толуктоо киргизилүүдө. Ошондой эле интернет аркылуу соода жүргүзүүнүн өнүгүүсүнө байланыштуу тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү менен товарларды аралыкта сатууда керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча ченемдер каралган.
“Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын 17-беренесинде товардын кемчиликтеринин пайда болуу себептери жөнүндө талаш чыккан учурда сатуучу (даярдоочу) же аны менен келишимдин негизинде сатуучунун (даярдоочунун) милдетин аткаруучу тарабынан экспертиза жүргүзүүгө акы төлөө каралган.