Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Дүйшөнбек Абдылдаев (сүрөттө) кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун 30-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен Эрнис Мамырканов транспорт жана коммуникация министринин орун басары болуп дайындалды.