"Бишкек суу-канал" ишканасын салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөчү тизмеден чыгаруу демилгеси көтөрүлдү

Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат комитетинин 30-сентябрдагы отурумунда каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаев Бишкектеги "Бишкек суу-канал" ишканасын салыктык эмес төлөмдөрдү төлөөчү мекемелердин тизмесинен чыгаруу демилгесин көтөрдү. Ал үчүн "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" мыйзамга түзөтүү киргизүү зарыл.

Бакетаевдин айтымында, инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө кеткен төлөмдөр ордо калааны суу менен камсыз кылган ишканасынын чыгымдарын көбөйтүп жаткандыктан, алар тарифтерди көтөрүүгө аргасыз болушууда. Мындай кадам социалдык кыйынчылыктарга алып келет. Ошондуктан аталган ишкананы каржылык чыгымдарын ушундай жол аркылуу азайтуу сунушталууда.

Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун колдоо менен аны Жогорку Кеңештин кароосуна дароо эле үч окууда алып чыгуу чечимине келди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан