Өкмөт жетекчиси Жоомарт Оторбаев 30-сентябрда тармактык министрликтер жана мекемелердин жетекчилери менен жарандык авиацияны өнүктүрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Анда ачык асман режимин жайылтуу, ата мекендик авиациялык жүк ташуучуларды Европа союзунун "кара тизмесинен" чыгаруу, "Манас" аэропортуна авиахаб куруу, авиакомпаниялардын өлкө ичинде жүргүнчү ташуусунун сапаттуулугу талкууланды. "Манас" аэропортунун учуп-конуучу тилкесин капиталдык оңдоодон өткөрүү, навигациялык жабдуулардын абалына өзгөчө көңүл бурулганын өкмөттөн билдиришти. "Учуулардын коопсуздугу - баарыбыз үчүн номур биринчи тапшырма. Жарандык авиацияны өнүктүрүүнү көзөмөлгө алуу зарыл",- дейт Оторбаев.
Жыйынтыгында өкмөт башчы аймактык аэропортторду оңдоо жана авиахаб түзүү боюнча инвестициялык сунуштарды тандоо үчүн атайын кеңеш түзүү чечимин колдоого алды.