Жоомарт Оторбаев Кыргызстанды санариптик телеберүүгө өткөрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 30-сентябрда Кыргызстанды санариптик телеберүүгө өткөрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Кеңешмеде телерадиокомпанияларды модернизациялоо, тийиштүү техникалык жабдууларды алуу, санариптик сигналдарды кабыл алып, өткөрүп берүүчү линиянын курулушу жана башка орчундуу маселелер талкууга алынганын өкмөттөн билдиришти. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн министрликтер менен мекемелердин өз ара алакасын жакшыртуу керектигин белгилейт өкмөт башчы. 
"2014-жылы санариптик телеберүүгө өтүү программасынын алкагындагы иштерди жасоого 100 миллион сом бөлүнгөн. Быйылкы жылы кошумча каржы ресурстарын издөө иштерин жүргүзөбүз",- деди Оторбаев.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан