Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Осмоналиев менен Наталья Никитенко 30-сентябрда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Дуня Миятович менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандын медиа мейкиндигине тиешелүү бир катар маселелер талкууланды. Депутаттар ММКлардын эркиндиги менен журналисттердин укуктарын коргоо жаатындагы укуктук базаны жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат беришти.
"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзам долбоору жаатында пикир алышуу болду",- деп билдирет ЖКнын маалымат кызматы.