30-сентябрда вице-премьер-министр Валерий Диль энергетика ардагерлери менен кеңешме өткөрүп, өлкөдөгү энергетикалык кырдаал талкууланды. Кыш мезгилине даярдануунун эффективдүү ыкмаларын иштеп чыгуу, кырдаалдан чыгуунун жолдору тууралуу сөз болду. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда электр энергиясын белгиленген чектен ашырбай пайдалануу режимин так сактоо, бул багытта атайын иш-чараларды өткөрүү, отундун альтернативдүү түрүнө өтүү маселелери кабыргасынан коюлду. Жыйынтыгында Диль кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүүгө өкмөт бардык күчүн жумшай турганын, ардагерлер тарабынан айтылган сунуштар эске алынарын билдирди.