30-сентябрда Ош облусунун Мады айылында аталган айылдын милиция бөлүмчөсүнүн өздүк курамынын 9 айлык отчёту угулду. Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин билдиришинче, жыйынга Мады айылынын тургундары, айылдык кеңештин депутаттары, аксакалдар кеңеши, жаштар комитеттеринин, дин өкүлдөрү катышты. Мады айылдык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы Курсанбек Мырзаматов 9 айда катталган кылмыштар, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. Андан кийин суроо-жооптор болуп, ага Кара-Суу РИИБинин башчысы Марат Орозбаев жооп берди.
Мады айылынын тургундары саат 20:00дөн баштап спирт ичимдиктерин саткан дүкөндөргө чек коюуну, саат 23:00дөн баштап кафе, ресторандарды жабууну талап кылышкан. Бирок айрым жерлерде дале болсо спирттик ичимдиктер сатылып жаткандыгын айтышып, элдик кошуун менен биргеликте атайын рейддерди уюштурууну сунушташты тургундар.
Ош - Эркеч-Там унаа жолунда жайгашкан Мады айылындагы базарчанын жанына такай жол-кайгуул кызматкерлеринин турушун суранышты.