Асылбек Жээнбеков: "Жогорку Кеңештин бул чакырылышы ишин аяктагыча энергетика жана газ көйгөйүн чечип беребиз" (спикердин жылдык отчёту)

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын сентябрына чейинки иштери тууралуу маалымат берди. Төмөндө спикердин отчётунун толук версиясы: 

Урматтуу депутаттар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бешинчи чакырылышынын үлүшүнө Кыргызстанда парламенттик-президенттик башкаруу системин түзүү, бекемдөө жана өнүктүрүү тарыхый миссиясы туш келди. Өзүңүздөргө маалым болгондой, биз парламенттик иш-аракетибизди татаал саясий-экономикалык шарттарда баштаганбыз. Белгилеп кетүү керек, баары эле биздин саясий системдин турмушка жарамдуулугуна ишене берген жок. Кээ бир саясий лидерлер бизди болгону бир эле жыл, көп болсо бир жарым жыл иштейт деп божомолдошкон. Айрымдардын ошондой «көзү ачыктыгына» карабастан, биз 4 жылдан бери түйшүктүү ишибизди татыктуу аткарып келе жатабыз. Ар кандай тоскоолдуктарды жеңип, азыр парламент катары калыптандык десек болот. Элибиздин жана мамлекетибиздин жашоо-турмушундагы чындыгында эле тагдыр чечер окуялардын тикелей катышуучулары болдук. Албетте, бул бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш үчүн абдан чоң сыноо болду, бүгүн биз бул турмуш сынагынан абийирдүүлүк менен өттүк деп айтсак болот.

Өткөн жылдарда Жогорку Кеңеш өлкөбүздөгү саясий кырдаалды турукташтырууда жана мамлекеттик реформаларды алга жылдырууда өзгөчө роль ойноду. Бүгүнкү күндө парламенттин трибунасынан элдин добушу кең-кесири угулуп турат десек болот. Анткени мында өлкөнүн Конституциянын белгиленген алкактарында мыйзамдуу талаш-тартыштар өтүп жатат. Бардык курч маселелер аянттарда жана көчөлөрдө эмес, дал ушул парламенттин ичинде талкууланып жатат. Депутаттар “Кумтөр” алтын кени, Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, "Кыргызгаз" жана Бажы биримдигине кирүү сыяктуу турмуштук зарыл жана курч маселелерди кең-кесири талкуулашып, тиешелүү чечимдерди кабыл алышты. Бул жылдары парламент чындыгында эле шайлоочулардын кызыкчылыктары жана маселелери ачык-айкын коюлган негизги аянт, майдан болуп калды десек жаңылышпайбыз. Көпчүлүк пленардык отурумдардын күн тартибине ушундай маселелер кирип жаткандыгы өзүңүздөргө жакшы белгилүү.

Өткөн төрт жылдын ичинде Кыргызстан парламенти абдан чоң иштерди жасады: мамлекеттик башкаруунун негизги реформалары мыйзам чыгаруу жагынан камсыздалды, сот системине тиешелүү мыйзамдар иштелип чыкты, экономикалык, социалдык жана коомдук мамилелерди жөнгө салууга жана мамлекетти коргоого, күчтүү армияны түзүүгө багытталган өтө маанилүү мыйзам актылары кабыл алынды. Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө, маданий мурастарыбызды сактоого жана аны жайылтууга багытталган иш-чараларга парламент активдүү катышты. Диний чөйрөнү жөнгө салууда мамлекеттин ролун жогорулатуу маселесин Жогорку Кеңеш кызуу колдоду жана аны чечүүгө жигердүү катышты.

Ушул жерде Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаев тарабынан Жогорку Кеңештин ар кыл демилгелери колдоого алынгандыгын баса белгилеп кетким келет. Биз кечээги эле өзүбүздүн тарыхыбыздан улам, эгерде парламент менен президенттин ортосунда пикир келишпестик болсо, кандай кейиштүү натыйжа болорун билебиз. Бүгүнкү күндө республикадагы бардык бийлик бутактарынын макулдашып жана ырааттуу иштеп жаткандыгына күбө болуп отурабыз. Бул жагынан алганда президент жана парламент Кыргызстандын азыркы саясий тарыхында конструктивдүү кызматташтыктын жакшы мисалын көрсөтүп жатат деп айтсак болот.        

Урматтуу коллегалар!

Биздин иш-аракетибизди коомчулук колдоп гана турду десек жаңылышкан болор элек, андай болгон жок, парламентке да, андагы айрым депутаттарга да коом тарабынан катуу сындар болуп жатты. Биз мындай сынды, албетте, четке каккан жокпуз, тескерисинче, аны конструктивдүү кабыл алып, ишке мүмкүн болушунча пайда бергендей жана парламенттин ишин өркүндөтүүгө жардам бергендей таризде кабылдоого жана пайдаланууга ар дайым аракет кылып келдик.

Албетте, коомдо конструктивдүү сын-пикир болгондо Жогорку Кеңештин өзүнүн ишинин натыйжалуулугу жогорулайт, анын иш-аракети коом үчүн бир кыйла ачык-айкын, ал эми парламенттин өзү болсо шайлоочулар үчүн бир кыйла жеткиликтүү болуп калат.

Учурда дүйнө жүзүндө парламенттин идеалдуу, баарына жаккан модели жок, ар бир өлкө өзүнүн мамлекеттик жана саясий өнүгүү жолун тандап алуунун нугунда өз парламенттик системин куруу тажрыйбасын жаратат. Биз дагы уникалдуу, муну региондо да, дүйнөдө да деп айтсак болот, парламенттик системдин моделин куруп жатабыз.

2010-жылдагы революциядан кийин Кыргызстан эли парламентти элдин кызыкчылыктарын коргогон, өкмөттүн курамын түзгөн жана анын иш-аракетине көзөмөлдүк кылган, эң башкысы, өзүнүн мыйзам чыгаруу функцияларын сапаттуу аткарган, натыйжалуу, адилеттүү мыйзамдарды кабыл алган жана алардын аткарылышын тыкыр иликтеген бийлик органы катары түзүүнү максат кылган.

Менин оюмча, өткөн жылдары биз негизинен бул максатка жетиштик. Бул бардык депутаттарыбыздын жана аппараттын кызматкерлеринин талбаган жана ырааттуу иш-аракеттеринин натыйжасында мүмкүн болду. Мындай режимде төрт жылдан бери аракет кылып келебиз. Жогорку Кеңештин төрагасы катары мен сиздер менен бир катарда мага жүктөлгөн милдеттерди ак ниеттүүлүк жана натыйжалуулук менен аткарууга аракетимди жасап келе жатамын.

Жогорку Кеңештин өткөн төрт жылдагы иш-аракети жөнүндөгү кеңири отчёт жакын арада даярдалат жана Жогорку Кеңештин расмий сайтына жайгаштырылат.

Урматтуу депутаттар!

Өткөн сессиябыз дагы кыргыз парламентинин талыкпаган иш-аракетинин ачык-айкын мисалы болуп саналат деп айтсак болот. Бул сөздөрдү ырастоо иретинде бир катар маалыматтарды бере кетейин. Алар 2013-жылдын сентябрынан тартып 2014-жылдын сентябрынын аягына чейинки мезгил аралыгын камтыйт.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 101-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы өз ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчётун 1-октябрдан кечиктирбестен Жогорку Кеңешке сунуштайт. Ушул нормага ылайык, сиздердин көңүлүңүздөргө бул отчётту сунуш кылып отурамын.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 75-беренесинин 2-пунктунда жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 20-беренесинде каралган. Төраганын негизги функцияларына Жогорку Кеңештин иш-аракетине жалпы жетекчилик кылуу менен бир катарда 3 негизги функция кирет, алар – уюштуруучулук-координациялык, көзөмөлдүк жана өкүлчүлүк функциялары.

 

1. Уюштуруучулук-координациялык функциялар

Мамлекеттин Конституциясына ылайык, Жогорку Кеңештин төрагасы бир катар уюштуруучулук жана координациялык функцияларга ээ болот: Жогорку Кеңештин пленардык отурумдарын алып барат; Жогорку Кеңештин отурумдарында маселелерди кароону даярдоо боюнча жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат; Жогорку Кеңеш кабыл алган актыларга кол коёт; Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинин отурумдарын алып барат; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратынын иш-аракетине жалпы жетекчиликти жана көзөмөлдүк кылууну жүзөгө ашырат.

1.1. Жогорку Кеңештин пленардык отурумдарын өткөрүү. Өлкөбүз үчүн тагдыр чечер бардык маселелер пленардык отурумдардын кароосуна чыгарылган жана тийиштүү чечимдер кабыл алынган. Өткөн сессияда 83 пленардык отурум өткөрүлдү, алардын көпчүлүгү Жогорку Кеңештин төрагасынын жетектөөсүндө өттү. Пленардык отурумдардын жүрүшүндө 298 мыйзам долбоору каралды, алардын 182си үч окуудан өтүп, кабыл алынды. Мындан тышкары 80 протоколдук тапшырмалар берилди.

1.2. Координациялык кеңештин отурумдарын өткөрүү. Жогорку Кеңештин пленардык отурумдарынын күн тартибин түзүүдө, парламенттин иш-аракетин пландаштырууда Координациялык кеңеш чоң роль ойноду. Координациялык кеңештин отурумдарынын алкагында сессиялар, айлар жана апталар боюнча иш-аракеттердин календардык пландары каралды, талкууланды жана кабыл алынды. Бардыгы болуп Координациялык кеңештин 23 отуруму өткөрүлдү.

1.3. Кыргыз парламентинин 75 жылдык мааракесине арналган бир катар иш-чаралар ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул маараке Жогорку Кеңештин гана эмес, жалпы эле республиканын коомчулугунун жашоосундагы маанилүү окуя болуп калды. 

1.4. Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин уюштуруу. Өлкөбүздө парламенттик-президенттик систем иштеп жаткан шарттарда чоң роль Жогорку Кеңеште иштеп жаткан адистерге таандык болот. Алардын милдеттеринин чөйрөсү кыйла кеңейди. Бул милдеттер мыйзам долбоорлорун жана башка документтерди экспертизалоо менен эле чектелбейт, өлкөнүн экономикасынын жана социалдык чөйрөсүнүн бардык тармактарынын өнүгүшүнө  стратегиялык талдоо жүргүзүүнү жана мыйзам чыгаруу иш-аракетин пландаштырууну да өзүндө камтыйт. Ушул жагынан алганда парламенттин ролу кескин жогорулады десек болот.

Парламент демилгелеген реформа идеяларын жайылтуу үчүн анын аппараты парламенттик-президенттик башкаруу системинин мамлекеттик аппаратында иштөө көндүмдөрү бар мамлекеттик башкаруучу кадрлардын мектеби болуп калууга тийиш. Коомчулукта айтылып келе жаткан бир катар сындардан кутулуу үчүн Жогорку Кеңештин аппаратынын жогорку даражадагы кесипкөйлүгүн көрсөтүшүбүз керек, анын ишинин натыйжалуулугун жана жыйынтыктуулугун камсыз кылуубуз керек.

Мындай милдеттерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратында адамдык ресурстарды башкаруу принциптерин натыйжалуу киргизүү менен гана чечүүгө болот деп эсептейбиз. Парламенттеги адамдык ресурстарды башкаруунун саясатын жөнгө салуучу концепциялык документти даярдоо жана кабыл алуу зарыл.

Бул багытта иштер башталган, адамдык ресурстарды башкаруунун айрым бир элементтери киргизилген. Жогорку Кеңештин тарыхында биринчи жолу жаңы кызматкерлерди сынак аркылуу кабыл алуу жүргүзүлдү, бул мындан ары такай улана бермекчи. Аппараттын бир катар мамлекеттик кызматчылары Кыргыз Республикасынын Кадр кызматынын алдындагы Тесттен өткөрүү борборунда сыноодон өтүп келишти, мында алар Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларына негизделген тесттерден өтүштү. Жогорку Кеңештин аттестациялык-конкурстук комиссиясы ар бир кызматчыга тийиштүү баасын берип, анын жыйынтыгында тийиштүү класстык чиндер ыйгарылды. Бул жумуштардын жыйынтыгы менен Жогорку Кеңештин кадрдык резерви калыптана баштайт.

Мамлекеттик тилди окутуу курстары уюштурулду. Мындан тышкары  ЮСАИДдин жардамы менен мамлекеттик кызматчыларды англис тилине үйрөтүү боюнча да курстар уюштурулду. Бул иштер мындан ары да улантыла берет, аталган тилдик курстар туруктуу иштөөчү курстарга айланат.

Жогорку Кеңештин аппаратынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн электрондук документ жүгүртүү системи киргизилди, электрондук архив иштей баштады, электрондук китепкананы түзүү боюнча иштер башталды. Ар бир окуучулук орунда заманбап компьютер коюлган чоң окуу залы ачылды. Жогорку Кеңештин иш-аракетин чагылдырууну жакшыртуу үчүн Жогорку Кеңеште жаңы басма сөз борбору ачылды жана Жогорку Кеңеште аккредитацияланган журналисттер үчүн басма сөз бөлмөсү уюштурулду. Парламенттин жаңы радиостудиясын ишке киргиздик, жаңы телестудия иштей баштады, ал өзүнүн ишин цифралык форматта жүргүзүп жатат. Ушул кызматтардын ийгиликтүү иштешин камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештин имаратында жаңы орун-жайлар камдалды, алар заманбап жабдуулар менен жабдылды.

1.5. Жогорку Кеңештин өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу максаттарында «Электрондук документ жүгүртүү», «Электрондук китепкана», «Электрондук турникет», «Видеоконференция» жана «Электрондук архив» деген долбоорлор жүзөгө ашырылды. Бул долбоорлор Жогорку Кеңештин өз иш-аракетин уюштурууда сапаттык жаңы деңгээлге чыгууга, мыйзам чыгаруу ишинде жаңы мамиле жасоолорду жана инструменттерди колдонууга шарт түзөт, Жогорку Кеңештин контролдоо жана өкүлдүк кылуу функцияларын жүзөгө ашыруу процессинде анын натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылат.

1.5.1. «Электрондук документ жүгүртүү» долбоору. Отчёттук мезгилде Жогорку Кеңештин негизги иш кагаздарын жүргүзүү электрондук форматка өткөрүлдү. Бул болсо Жогорку Кеңештин аппаратынын иш-аракетинин ийкемдүүлүгүн жогорулатууга, финансылык жана материалдык чыгымдарды мүмкүн болушунча азайтууга мүмкүндүк берет, документтердин аткарылышын көзөмөлдөөнү күчөтөт.

Жогорку Кеңештин аппаратынын структуралык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, ошондой эле депутаттардын 187 консультанттары жана жардамчылары, депутаттык фракциялардын катчылыктарынын 15 кызматкери 2014-жылдын 24-мартынан тартып электрондук документ жүгүртүүгө өтүштү. Азыркы кезде электрондук документ жүгүртүү системи депутаттарды, комитеттерди, депутаттык фракцияларды зарыл материалдар менен толук өлчөмдө камсыз кылып жатат.

«Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабында депутаттардын, комитеттердин, депутаттык фракциялардын мыйзам долбоорлору боюнча ишин электрондук түргө толук бойдон өткөрүү каралат, «Электрондук документ жүгүртүү» долбоорун ишке ашыруунун алкагында электрондук цифралык кол тамга коюуну киргизүү боюнча да иш жүргүзүлүп жатат.

1.5.2. «Электрондук китепкана» долбоору. Бул боюнча зарыл жабдуулар алынып келинген жана китепкана фондун цифралык форматка өткөрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Электрондук форматка өтүү процессинин жүрүшүндө 4000 аталыштан ашуун китепти жана журналды электрондук форматка өткөрүү менен жаңы электрондук базаны түзүү каралууда, алардын жалпы көлөмү 1 миллион 250 миң беттен ашат, аларда камтылуучу авторефераттардын жана ведомосттордун саны 1976 аталыштан ашып, алардын жалпы көлөмү 545 миң беттен ашуун болот.

Электрондук китепкана фондуларын интеграциялоо, электрондук китепкана фондуларына тикелей жете алуу укугуна лицензия алуу боюнча, маалыматтардын онлайн базаларын аларды мезгил-мезгили менен жаңыртып туруу укугу менен сатып алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине www.kyrgyzstanvsl.org виртуалдык илимий китепкананын жеткиликтүү болушу уюштурулду. Бул сайттан миллиондогон толук тексттүү илимий макалаларды таап окууга болот. Азыркы күндө бул базада 12,8 миллион макала, 16,5 миң журнал камтылган.

1.5.3. «Электрондук архив» долбоору. Архивдик документтерди сканерлөө жолу менен электрондук база түзүлдү жана аны электрондук каталогго байланыштыруу (жалгаштыруу) жүргүзүлдү. Азыркы учурда электрондук архивди түзүү боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдуулар бар жана архивдик фондуну цифралык форматка өткөрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

1.5.4. «Электрондук турникет» долбоору (жумушка келип-кетүүнү башкарууну контролдоо системи). Жогоруда көрсөтүлгөндөй, Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин дареметин жогорулатуу үчүн, Жогорку Кеңештин аппаратын квалификациялуу кызматкерлер менен камсыз кылуу үчүн адамдык ресурстарды башкаруунун принциптерин киргизе баштадык. “Электрондук турникет” долбоору адамдык ресурстарды башкаруунун заманбап системинин бир элементи болуп саналат жана азыр ал Жогорку Кеңеште ишке ашырылды. Бул системди жүзөгө ашыруу Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин арасында эмгек тартибин чыңдоо максатында жана парламентке келип-кеткендер үчүн өткөрмө системин жөнөкөйлөтүү максатында киргизилди.

1.5.5. «Видеоконференция» долбоору. Жогорку Кеңештин батыш залында видеоконференц-байланыштын системи орнотулду жана ал республиканын ичинде жана анын чегинен сырткары байланышуунун тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өттү. Бул систем ар кандай видеоконференцияларды чет мамлекеттердин парламенттери жана ошондой эле республиканын региондору менен өткөрүүгө толук өлчөмдө мүмкүндүк берет.

1.6. Мындан тышкары Жогорку Кеңештин финансылык жана уюштуруучулук иш-аракеттер жагындагы маселелерин өз убагында чечүүгө көп көңүл бурулду, ошондой эле Жогорку Кеңештин аппаратынын жана Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын кадр саясатын жүзөгө ашыруу жагында, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын кызматкерлеринин иш сапарларына тиешелүү маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жагында көп иштер аткарылды.

 

2. Көзөмөлдүк функциялар

Жогорку Кеңештин төрагасынын контролдук функциялары парламенттик көзөмөлдү уюштуруу менен тыгыз байланышкан. Отчёттук мезгил ичинде парламент кабыл алган мыйзамдардын жана чечимдердин аткарылышын контролдоо боюнча чоң уюштуруучулук иштер жүргүзүлдү, ошондой эле укук бузууларды парламенттик иликтөөнү уюштуруу боюнча да иштер алынып барылды. Жогорку Кеңеш баары болуп 943 токтом кабыл алды. 173 токтом жана 73 протоколдук тапшырма контролго коюлган, мунун ичинде 40 токтом ар кандай маанилүү коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык маселелерге арналган. Алардын ичинен 95 токтом жана 56 протоколдук тапшырма аткарылды, ал эми калгандарынын аткаруу мөөнөтү аяктай элек, алар боюнча аткаруу иштери жүргүзүлүп жатат.

Өлкөбүз үчүн маанилүү болгон бардык маселелер боюнча өкмөттүн отчётторун жана маалыматтарын угуу жүзөгө ашырылып турду, мисалга алсак, өкмөттүн республикалык бюджетти аткаруу боюнча өз иши жөнүндө отчётун угууну, ошондой эле коомчулукту түйшөлткөн «Кумтөр», Жогорку Нарын ГЭСтер каскады, «Кыргызгаз», Баткен облусунда чечилбей жаткан маселелер, коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара маселеси, Батукаев маселеси боюнча кеңири маалыматтар угулгандыгын айта кетүүгө болот. Башкы прокурордун, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын жана акыйкатчынын иш-аракеттери жөнүндөгү отчёттору да угулду.

Мыйзамдардын аткарылышы боюнча контролдук функцияларды аткарууну Жогорку Кеңештин комитеттери жүргүзөт, анткени Жогорку Кеңештин регламентинде ошондой деп көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы төраганын туруктуу көзөмөлүндө болду. Ал үчүн төрага өкмөттүн, Жогорку Соттун, Башкы прокуратуранын, Эсеп палатасынын, Улуттук банктын жана башка министрликтер менен ведомстволордун жетекчилерин чакырып, жолугуп турду.

3. Өкүлдүк функциялар

Төрага өзүнүн өкүлдүк функцияларынын аткаруунун алкагында Жогорку Кеңештин атынан өлкөнүн ичине да жана сыртына да чыгып турду, айрыкча парламенттин Кыргыз Республикасынын Президенти, өкмөтү, сот бийлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуу жагында иш алып барды. Отчёттук мезгил ичинде бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү кеңештер менен өз ара аракеттешүү конструктивдүү түрдө камсыз кылынгандыгын белгилеп кетүүгө болот.

Отчёттук мезгил ичинде Жогорку Кеңештин төрагасынын наамына жарандардан 2201 кайрылуу түштү, бул кайрылууларды талдап көргөндө өлкөнүн саясий жана экономикалык жашоо-турмушундагы эң маанилүү багыттар боюнча маселелердин жана ой-пикирлердин кеңири спектри көрүнгөндүгүн байкайбыз. Анын ичинде  кайрылуулардын көпчүлүгү төмөндөгүдөй маселелер боюнча келип түшкөн: калкты социалдык жактан коргоо, укук тартиби жана мыйзамдуулук, саламаттык сактоо, билим берүү, илим, жаштар, маданият жана спорт тармактары.

Жогорку Кеңештин төрагасынын дарегине келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүгү аткаруу бийлигинин, сот бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине даттануу мүнөзүндө. Бул даттанууларда жана кайрылууларда камтылган маселелерди чечүү үчүн төрага тарабынан 728 кат тийиштүү аткаруу органдарына жана сот бийлигинин органдарына жөнөтүлгөн. Жарандарыбыздан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдардын аракетсиздигине байланышкан бир канча ирет түшкөн даттанууларга байланыштуу 2013-жылдын сентябрынан тартып 2014-жылдын июнь айына чейин жарандар менен бир катар коллективдүү жолугушуу өткөрүлдү, бул жолугушууга өкмөттүн, Башкы прокуратуранын, Жогорку Соттун жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылды.

Шайлоочулар менен иштөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, депутаттардын, комитеттердин жана фракциялардын шайлоочулардан келип түшкөн каттар, кайрылуулар жана даттануулар менен иштөөсүн жакшыртуу максатында, ошондой эле аларды талдоого алып туруу жана контролдоону уюштуруу үчүн Жогорку Кеңеште «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иши менен таанышуу үчүн экскурсияларды өткөрүүнүн жана уюштуруунун тартиби жөнүндө жобону», «Жарандык жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ачык отурумдарына катышуусунун тартиби жөнүндө жобону», «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоочулар менен иштөөсү жана алардын өз ара аракеттешүүсүнүн механизмдери жөнүндө жобону» жаңыдан иштеп чыгуу тапшырмасы берилген эле. Бул документтер жактырылды жана кабыл алынды.

3.1. Эл аралык, парламенттер аралык кызматташтык. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттер аралык иш-аракетиндеги айкын көрүнгөн окуя катары европалык парламентарийлердин Кыргыз Республикасынын демократиялык жетишкендиктерин таануу иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын «демократия боюнча өнөктөшү» деген статусту бергендигин айтууга болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы башчылык кылган делагация Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Страсбург шаарында (Франция) өткөн жайкы сессиясына катышты. Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине Европа кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын «демократия боюнча өнөктөшү» статусун берүү боюнча сертификатка кол коюу аземи болуп өттү.

Мындан тышкары отчёттук мезгилде кыргыз парламентинин Жакынкы Чыгыш жана Азия өлкөлөрүнүн парламенттери менен кызматташуусу активдешти. Алсак, 2013-жылдын сентябрында Сауд Арабия Падышачылыгынын Ашура Межлисинин спикери, доктор Абдулла бин Мухаммед бин Ибрахим Аль-Аш Шейхтин Кыргыз Республикасына расмий иш сапары болуп өттү, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана Сауд Арабия тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратындагы курулушту жүргүзүүгө финансылык жардам берүү тууралуу келишимге жетишилди.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын чакыруусу менен 2013-жылдын октябрь айында Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы С.Е.Нарышкиндин расмий визити болуп өттү. Бул визиттин аймагында эки тараптуу кыргыз-орус мамилелерин өркүндөтүү боюнча кеңири алкактагы маселелердин топтому каралды.

2014-жылдын февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы баштаган парламенттик делегация Корея Республикасына барды. Анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын шайлоо системин реформалоого Корея тарабынын жардам көрсөтүүсү тууралуу маселе талкууланды. Ошондой эле парламенттер аралык кызматташуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлду.

2014-жылдын май айында Эл Өкүлдөрүнүн Бүткүл Кытайлык Чогулушунун Төрагасынын чакыруусу боюнча Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган кыргыз парламентинин делегациясынын Кытай Эл Республикасына иш сапары болду. Анын алкагында жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө Бишкек шаарындагы автожолдорду оңдоого жана Кыргызстандын ирригациялык системин жакшыртууга Кытай Эл Республикасынан гранттык каражаттарды тартуу маселеси талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Эл Өкүлдөрүнүн Бүткүл Кытайлык Чогулушунун ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу тууралуу меморандумга да кол коюлду.

Ошондой эле парламенттер аралык көп форматтуу кызматташтыктын алкагында да Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы баштаган парламенттик делегациянын КМШ ПААнын, ЕврАзЭШ ПААнын, ЭККУ ПАнын, Түрк ПАнын отурумдарында башка өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары менен жолугушуулары болуп өттү. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Орусия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федералдык Кеңешинин Төрайымы В.Матвиенко, Мамлекеттик Думанын төрагасы С.Нарышкин, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажлисинин Төрагасы Н.Нигматуллин жана анын ордун баскан К.Жакыпов, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрагасы О.Асадов менен жолугушту. Бул жолугушууларда бул өлкөлөр менен парламенттер аралык кызматташтыктын келечеги, алардын өз ара аракеттешүүсүнүн актуалдуу багыттары талкууга алынды.

4. Жогорку Кеңештин иш-аракетинин айкындуулугун камсыз кылуу

Бул багытта да бир катар иш-чаралар ишке ашырылды. Жаштар үчүн Жогорку Кеңештин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жогорку окуу жайлардын студенттери жана орто мектептин окуучулары үчүн экскурсиялар уюштурулуп турду. Кыргызстан жаштар парламентинин өкүлдөрү менен жолугушуулар болду.

Өлкөбүздүн ар кайсы региондорунан келген жергиликтүү кеңештердин депутаттары Жогорку Кеңештин жыйындарына катышып турууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Жогорку Кеңештеги маалыматтык ресурстарга шайлоочулардын кеңири жетүүсүн камсыз кылуу үчүн жана парламенттин ишинин ачык-айкындыгын күчөтүү максатында бир катар иш-чаралар өткөрүлдү, атап айтсак, Жогорку Кеңештин расмий вебсайтын жакшыртуу, анын маалыматтуулугун, ыкчамдуулугун жана интерактивдүүлүгүн жогорулатуу боюнча иштер улантылды.

Өлкөбүздөгү электрондук жана басылма түрүндөгү жалпыга маалымдоо каражаттарында, телекөрсөтүүдө жана радиодо парламенттеги болуп жаткан иш-чаралар ар дайым жана ыкчам чагылдырылып турду. Жогорку Кеңеште аккредитацияланган журналисттердин иштөөсү үчүн мүмкүн болушунча жакшы шарттар түзүлдү, бул журналисттер парламенттин имаратында эле эмес, Жогорку Кеңештин андан сырткары өткөн иш-чараларына да ачык-айкын катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

2013-жылдын 1-сентябрынан тартып 2014-жылдын 30-июнуна чейин Жогорку Кеңештин официалдуу сайтында бирдиктүү электрондук таратуу боюнча 3077 пресс-релиз жарыяланды, алардын ичинен 1599у кыргыз тилинде жана 1478и орус тилинде берилди.

Бир катар интернет-сайттарда жана басма сөз каражаттарында жарыяланып кеткен депутаттардын ишмердүүлүгү жөнүндөгү анык эмес маалыматтарга байланыштуу 18 төгүндөө, тактоо жана чечмелөө берилди.

2013-жылдын майынан тартып парламент радиосу республиканын бардык региондоруна жете баштады. Азыр аны алыскы жана тоолуу райондорго жеткирүү каралууда. "Парламент" радиосунун кабылдануу аймагы азыркы учурда өлкөнүн аймагынын 60-70 пайызын түзөт, мындан ары 90 пайызга чейин камтый алуусуна жетишүү максаты коюлууда.

Телестудия Жогорку Кеңештин имаратынын ичинде жана андан сырткары, анын ичинде республиканын региондорунда депутаттардын катышуусу менен өткөрүлгөн бардык иш-чараларды ар күн сайын видеого тартып алат. Тартылып алынган видеоматериалдар Жогорку Кеңештин FTP-интернет серверине жайгаштырылат, аларды ар кандай телекомпаниялар парламенттин иши жөнүндөгү ар кандай телеберүүлөрдү даярдаганда кеңири пайдаланышат. Ушул эле материалдар Кыргызстандын жалпы улуттук телеканалдарынан берилип келе жаткан «Парламент» жана «Парламентаризм сабактары» деген телеберүүлөрдү жүргүзүүдө пайдаланылат.

Отчёт берилип жаткан 2013-2014-жылдардагы сессиянын мезгилинде Жогорку Кеңеште 314 журналист аккредитацияланды, алардын ичинен 73 журналист республикалык, чет өлкөлүк жана эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү болуп саналат.

Урматтуу коллегалар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын 2013-жылдын сентябрынан 2014-жылдын сентябрына чейинки кыскача отчёту мына ушундай.

Жалпы эле Жогорку Кеңештин иш-аракети жөнүндөгү маалымат, башкача айтканда, биздин, баарыбыздын биргелешкен иш-аракетибиздин жыйынтыктары жөнүндө маалымат Жогорку Кеңештин вебсайтында жарыяланган.

Урматтуу депутаттар!

Жогоруда мен биздин өткөн 4 жылдагы жана соңку 1 жылдагы баскан жолубузга назар салууга аракет кылдым. Мындан ары да келечекке карай көз жүгүртүп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мындан аркы өнүгүшүнүн алдыдагы орчундуу жана артыкчылыктуу багыттарына сереп салуу керек. Азыркы учурда биз өлкөнүн өнүгүшүндөгү түйүндүү учурда турабыз. Ошондуктан биздин бүгүнкү ишибиз мамлекеттик башкаруу жагындагы, коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка күрөшүү жагындагы, сот системин жана социалдык чөйрөнү өркүндөтүү жагындагы жүргүзүлүп жаткан реформаларды мындан ары да колдоого алууга багытталууга тийиш.  Реформалар ишке ашышы керек, биз  Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүгүүгө өткөрүү үчүн кабыл алган жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 18-декабрындагы токтому менен бекитилген программасын натыйжалуу аткарууну камсыз кылууга тийишпиз.

Ошондой эле «Кумтөр» алтын кени боюнча да маселени кароону аяктообуз жана тийиштүү чечим кабыл алуубуз зарыл. Бул маселе биздин өлкөнүн экономикасы үчүн эле мааниге ээ эмес, анын эл аралык да мааниси бар. “Кумтөр” боюнча маселени адилеттүү чечүүнү биздин калкыбыз 20 жылдан бери күтүп келе жатат жана учурда өздөрүнүн үмүтүн ушул 5 чакырылыштагы парламентке байланыштырып турушат.

Энергетикалык коопсуздук маселеси биздин өлкө үчүн курч бойдон калууда. Электроэнергетикадагы жана газ чарбасындагы эскирген жабдуулар ондогон жылдар бою жаңыртылган жок, бул тармактарды башкарууда ири кемчиликтер орун алды, коррупцияга жол берилди. Орун алып жаткан проблемалар чечилбей эле, бир жылдан кийинки жылга эптеп жылдырылып турду. Биз өзүбүзгө жоопкерчиликти алып, Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы ишин аяктаганга чейин электроэнергетикадагы жана газ чарбасындагы маселелерди негизинен чечип беребиз деп үмүттөнөм.

Мындан тышкары Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу боюнча да көлөмдүү документтер пакетин карап чыгышыбыз керек. Мында өтө татаал жана талыкпаган иштерди жүргүзүү талап кылынат, өкмөт дагы, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы талбай иштеши керек. Мыйзам чыгаруу деңгээлинде биз Бажы биримдигине кирүүнүн алкагында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаалдын мүмкүн болуучу начарлашын жумшартуу максатында көп иштерди жүргүзүшүбүз зарыл. Орусия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын жана Беларусь Республикасынын мыйзам чыгаруу органдары менен тыгыз парламенттер аралык мамилелерди кармап турууга жана консультацияларды өткөрүп турууга тийишпиз.

Жогорку Кеңештин өзүнүн ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга тийиштүү көңүл бурушубуз керек. Парламенттин мыйзам чыгаруучулук ишинин сапатын мындан ары дагы жакшыртуу зарыл. Парламент аркылуу  сапаттуу, финансылык жактан бекемделген жана адилеттүү мыйзамдар гана өтүүгө тийиш.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, келерки жыл парламенттик шайлоо жылы. Бул зор маанилүү коомдук-саясий өнөктүктү талаптагыдай өткөрүү парламенттик системдин турмушка жарамдуулугунун жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишинин натыйжалуулугунун көрсөткүчү болуп калууга тийиш. Бул шайлоо өлкөнүн соңку тарыхындагы тунук, адилет жана калыс парламенттик шайлоо болуп калуусу керек.  Бул шайлоону өткөрүү биздин элибизде парламенттик шайлоо деген булганыч, саясий интригалар деген түшүнүктү эмес, акыйкаттуу саясий күчтөрдүн бийлик үчүн калыс жана адилеттүү күрөшү, таймашы деген түшүнүктү калыптандырууга түрткү берүүгө тийиш. Мында, албетте, саясий партиялардын, талапкерлердин саясий, социалдык-экономикалык, маданий-руханий программаларынын реалдуу аткарыла тургандай болушу да чоң роль ойнойт.

Урматтуу депутаттар!

Биздин чакырылыштын аякташына бир жылдан ашыгыраак убакыт калды. Бул жыл ичинде биз өтө чоң жана жоопкерчиликтүү иштерди жүзөгө ашырууга тийишпиз. Менин бекем ишенимимде биз өзүбүзгө тагылган милдетти абийирдүүлүк менен аткарып, жолубузду аягына чейин басып өтө алабыз жана Жогорку Кеңештин кийинки чакырылыштары үчүн жакшы мисал болуп кала алабыз. Ал тургай өлкөдөгү саясий маданияттын өзүнчө бир эталону болуп калууга толук мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Кудай бизге - парламентарийлерге элибиздин бакубаттуу келечеги үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк берди. Мен терең ишенем, биз биргелешкен күч-аракеттер менен биздин күчтүү жана бакубат Кыргызстан жөнүндөгү жалпы эңсөөбүздү жүзөгө ашырууга орчундуу салым кошо алабыз.

Көңүл бургандыңыздар үчүн чоң рахмат!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан