Бүгүн, 1-октябрда депутат Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттарга кайрылып, “бийлик оппозиция өкүлдөрүнө чабуулун баштады” деп билдирди. “Бизди Ошто бир топ аялдар жумуртка менен уруп, кууп чыгышты. Ал жерде демократиялык топтун докладын жасамакчы болуп турганбыз. Азыр бийлик Курманбек Бакиевдин ыкмасын колдонуп баштады. Бул президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине ийгилик алып келбейт”,- деди Жээнбеков.
Депутаттын айткандарына спикер Асылбек Жээнбеков: “Кафеде жолугуп эмне кыласыңар, Жогорку Кеңештин ичинде орундар бар го”,- деп жооп кылды. Спикердин айтымында, мындай окуяларга жол берилбеши керек. “Бул боюнча ошол күнү ММКларга чыккандан баштап мен аракеттерди көрдүм. Туура, жумуртка, помидор менен урбаш керек. Ошол эле учурда өзүңөрдүн колуңарда мүмкүнчүлүктөр турат. Жыйыныңарды каалаган учурда Жогорку Кеңештин имаратында уюштурсаңар болот”,- деди спикер.