Исмаил Исаков: "Оппозиция өкүлдөрүн жумуртка менен ургандардын артында Оштун мэри турушу мүмкүн"

“Оппозициянын өкүлдөрүн жумуртка менен ургандардын артында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев турушу мүмкүн”,- деди депутат Исамаил Исаков. Депутат бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда парламенттин жыйынында айтты.

Анын айтымында, Айтмамат Кадырбаевге жумуртка менен урууну уюштурганы үчүн кылмыш ишин козгош керек.  “Ал жигит Курманбек Бакиевге кызмат кылып жүргөн жигит. 2010-жылы 10-майда Оштун мэриясын басып алганда көчүгүнө тээп кууп чыккам. Ошто оппозиция өкүлдөрүнө жумуртка урууга ушул аралашкан болушу мүмкүн. Муну териштирип, Кадырбаевди камаш керек”,- дейт Исаков.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан