Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында президенттин парламенттеги өкүлү Молдакун Абдылдаев: “26-сентябрда Ош шаарында жыйын өткөрмөкчү болгон Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду аялдар жумуртка менен уруп, залдан кууп чыгышына президенттин эч кандай тиешеси жок”,- деп билдирди.
Анын айтымында, “бул ишти аткарууга президент буйрук берди” дегенге негиз жок. “Оштун мэриясынын жетекчилигин президент дайындабайт. Аны жергиликтүү кеңештин депутаттары шайлашат. Бул маселени жергиликтүү бийлик чечиш керек. Бул окуя боюнча милиция жана тиешелүү түзүмдөр кабар беришет”,- деп түшүндүрдү ал.
Эскерте кетсек, 26-сентябрда Ош шаарында жыйын өткөрмөкчү болгон Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду аялдар жумуртка менен уруп, залдан кууп чыгышкан.