Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында депутаттар ички иштер министрлигине
Мелис Турганбаевдин талапкерлигин карашууда. Жыйын жүрүшүндө депутаттар
Равшан Жээнбеков менен
Өмүрбек Абдрахмановду Ош шаарында тургундардын жумуртка менен уруп залдан кууп чыгышы тууралуу сөз болду. Депутат
Бөдөш Мамырова суроо бериш үчүн спикерден ортоңку микрофонду сурады эле, төрага
Асылбек Жээнбеков процедуралык суроо гана берилиши керектигин эскертти.
Мындан кийин Мамырова: "Процедуралык суроо берилиши керектигин эскертпей эле койбойсузбу? Төрт жылдан бери иштеп жатабыз, маймыл болсок деле ортодогу микрофондон процедуралык суроо бериле турганын жаттап деле бүттүк го..."- деп кызууланды.