“Ошто оппозиция өкүдөрүнө ыргытылган жумуртка эң биринчи сизге эскертүү”,- деди депутат Курманбек Дыйканбаев спикер Асылбек Жээнбековго. Депутат бул тууралуу Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы жыйынында депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановго Ош шаарынын 30га чукул тургуну жумуртка ыргытып, кафеден кууп чыкканы боюнча маселе каралып жатканда айтты.
“Парламент - бийликтин негизги бутагы. Депутаттар ушинтип укугун коргой албай жатса, эл өзүнүн укугун кантип коргойт? Сиз спикер катары депутаттарга жасалып жаткан мамилеге аракет көрүшүңүз керек. Төрт жылдан бери “депутаттардын мээси жок, кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү” десе унчукпай жатабыз. Ошон үчүн бул жакка Оштогу ыргытылган жумуртка боюнча тиешелүү адамдарды чакырып, жообун алалы”,- - деди Дыйканбаев.