“ОБОНдордон арылмайынча Кыргызстан өнүкпөйт” дешти депутаттар

ОБОНдордон арылмайынча Кыргызстан өнүкпөйт. Бул тууралуу депутат Туратбек Мадылбеков Жогорку Кеңештин 1-октябрдагы жыйынында ички иштер министрлигине Мелис Турганбаевдин талапкерлиги каралып жатканда билдирди. Депутат Турганбаевден ОБОНчу аялдарга өз жазасын берип, аларды жок кылууну өтүндү. “Митинг болгон жерлерде көбүнчө ОБОНчу аялдар жүрүшөт. Митингге чыгып кыйкырып бергени үчүн акчасын алышат. Ушуну жоюп, жок кылыш керек. Антпесе Кыргызстан өнүкпөйт”,- деди Мадылбеков.

Кесиптешинин пикирин колдоого алган депутат Дамира Ниязалиева: "ОБОНдор элдин катмарына кирбейт. Алар акчага жалданып иштешет, биз аларды билебиз",- деп билдирди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан