Парламент Мелис Турганбаевди ички иштер министри кылып шайлады
Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Мелис Турганбаевди ички иштер министри
кызматына шайлашты. Анын министр болушуна жыйынга катышкан бардык 88депутат бир добуштан макул болушту. Андан соң эл өкүлдөрү М.Турганбаевди куттукташты.