Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мелис Турганбаев депутаттарды өз программасы менен тааныштырды

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында ички иштер министри кызматына талапкер Мелис Турганбаев депутаттарды өзүнүн программасы менен тааныштырдыАнын айтымында, аталган министрлик милиция кызматкерлерин батир менен камсыз кылуу жана маяналарын көтөрүү маселелерин негизги багыт катары эсептейт. “Коопсуз шаар” долбоорунун үстүндө иш жүргүзөбүз. Мындан тышкары милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн милдетин аткарууга ыйгарым укугун жогорулатуу туура. Анткени аларга элдин ишеними жок болуп жатат. Бул багытта да кеңири иш алып барабыз”,- деп убада берди Турганбаев.

Андан соң ал жашы жете электер менен иштөө боюнча пикирин айтты: “Шаарда бул багытта иш натыйжалуу жүрүп жатат. Эми жалпы республика боюнча ушундай мыкты иш-чаралар жүргүзүлөт”.

Мындан тышкары министрликтин ичинде реформаларды ишке ашыруу боюнча билдирди. “Бул мекеменин ичинде башкармалыктар көп. Кээ бирин жоюп, айрымдарын бири-бири менен бириктирүү боюнча иш жүргүзөбүз”,- деп кошумчалады Турганбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан