Бүгүн, 1-октябрда парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина ички иштер министри кызматына талапкер Мелис Турганбаевге “криминалдык авторитет” Камчы Көлбаев боюнча суроо берди.
“Камчы Көлбаев камактан чыккан соң ал жогорку деңгээлде жолугушууларды жүргүзүп жүрөт. Ага эч кандай чектөөлөр коюлбайбы? Не себептен айыл өкмөттөрүнө уюшкан кылмыш топторунун мүчөлөрү келип жатышат?”- деп сурады Карамушкина.
Турганбаев: “Биз Камчы Көлбаевге республиканын ичинде эркин жүрүшүнө эч кандай чектөө коё албайбыз. Мен аны камактан чыгарган эмесмин, сот чыгарган. Анын конституциялык укуктары бар. Бирок ал боюнча иш жүргүзөбүз”,- деп жооп берди.