Эсенгул Исаков жайыт чарбаларын реформалоо боюнча туура чечимдер кабыл алынганын айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Эсенгул Исаков 30-сентябрда жайыттар менен токойлорду туруктуу башкаруу боюнча Армениядагы Clima East пилоттук долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушту. Долбоордун жетекчиси Арам Тер-Закарян башында турган делегация Кыргызстанга таанышуу максатындагы иш сапары менен келгенин парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Исаков жайыттарды натыйжалуу башкарууга шарт түзүүчү жайыттар жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоо киргизүү маселелерине токтолду. “Жайыт чарбаларын реформалоо маселелеринде туура чечимдер кабыл алынгандыгын тажрыйба көрсөттү жана жайыттарды пайдалануунун туура саясаты аныкталды”,- дейт Исаков.

Арам Тер-Закарян Арменияда Кыргызстандагыдай эле тоолуу аймактарда жайыттардын деградацияга учурашы байкалып, аларды натыйжалуу пайдалануу көйгөйү тургандыгын белгиледи. Жолугушууда тараптар айыл чарбасы боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү маселелерин да талкууга алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан