Ички иштер министрлигиндеги кызматкерлер үчүн 9 кабаттуу 7 үй курулат. Бул тууралуу ички иштер министри Мелис Турганбаев 1-октябрда Жогорку Кеңеште билдирди. Турганбаев көп кабаттуу үйлөрдүн төртөө Бишкекке, экөө Ош облусуна, бирөө Баткен облусуна куруларын айтты. “Бул биздин негизги пландарыбыздын бири болуп жатат. Буюрса, ишке ашат”,- деди ал.