Мелис Турганбаев: "Быйыл өлкөдө 209 зордуктоо фактысы катталды"

Бүгүн, 1-октябрда парламент жыйынында депутат Ирина Карамушкина ички иштер министрлигине талапкер Мелис Турганбаевге зордуктоолор боюнча суроо берди. Депутат: “Ушул жылы Чүй облусунда 73 зордуктоо фактысы катталган. Эсептеп көрсөк, бул облуста айына болжол менен 8 зордуктоо болот экен. Анда республика боюнча канча болуп жатат? Эмне үчүн милиция бул көйгөйдүн алдын албай жатат? Менин билишимче, милиция кызматкерлери жана кыздардын ортосунда эркектерди алдап кармап алуу боюнча макулдашуулар бар”,- деди.

Турганбаев: “Республика боюнча быйыл 209 зордуктоо фактысы катталган, алардын ичинен 202синин бети ачылган. Эгер факт орун алса, анын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп, андан соң иш сотко жөнөтүлөт”,- деп жооп кайтарды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан