Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Бөдөш Мамырова ички иштер министрлигине талапкер Мелис Турганбаевди мактап, ага арнап ыр окуп берди. Депутат айым Мелис Турганбаевдин эки сапаты үчүн талапкерлигин жактырарын айтты. “Сиздин профессионалдык деңгээлиңиз өтө жогору, ошол эле учурда жөнөкөйсүз. Эл менен бирге иштегенге аракет кылыңыз. Мен сизге милиция кызматкерлерине арналып жазылган ыр окуп берейин”,- деп төрт куплет ыр окуду.
Ырдын автору ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиев экени айтылды.