Аскердик наамдарды берүү тартибин кайрадан жөнгө салуу сунушталууда

Жогорку Кеңеште 1-октябрда аскердик наамдарды ыйгаруу ыраатын жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзамдын демилгечиси Исмаил Исаковдун айтымында, аскердик кызмат – мамлекеттик кызматтын өзгөчө түрү. Аскер кызматчыларынын милдеттеринин өзгөчө мүнөзү биринчи эле иретте буйруктарды кандай гана шарт болбосун аткаруусу менен айырмалангандыктан, аскер адамынын укуктарынын жана эркиндиктеринин чектөөлөрүнө олуттуу түрдө таасирин тийгизет.

Аскер кызматчысынын кызмат боюнча көтөрүлүүсү анын ар кандай аскер бөлүктөрүн тепкич менен башкарып өтүүсүнө, кесипкөйлүк даярдыгына жана жетишкендигине карата тийиштүү аскердик наамын ыйгаруу менен жүзөгө ашырылат. Наамды ыйгаруу милдеттүү түрдө баштапкы «лейтенант» аскердик наамынан баштап, андан кийин кезектеги аскердик наамдар ырааттуу тартипте ыйгарылат.

Аскердик эмгектин кадыр-баркынын жана кызыктуулугунун жоголушу азыркы мезгилге ылайыктуу аскердик курулуштун стратегиясын жана армияны реформалоонун бузулушуна алып барат. Ошондон улам аскердик кызматка аныктоодо класстык чендери, атайын класстык чендери, атайын наамдары бар адамдарга тийиштүү аскердик наам кайра аттестациялоо тартибинде ыйгарылбоо талабы белгиленүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан