Асылбек Жээнбеков кыргыз элин Эл аралык карылар күнү менен куттуктады

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргыз элин 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү менен куттуктады. Куттуктоонун мазмуну төмөнкүдөй:

"Кадырман энелер, аталар!

Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Эл аралык карылар күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Байыртадан эле мекенибиздин тынчтыгы, элибиздин ынтымак-ырашкерлиги, бийликтин калыстыгы кадырман аксакалдарыбыздын, акылман энелерибиздин акыл-насааты аркылуу жүзөгө ашып келген. Ошондой эле кыргыз мамлекетинин башатын түзүп, мамлекеттүүлүк идеясын калыптандырууда үлкөн салым кошушкан. Мамлекеттүүлүктү бекемдөөдө дагы карыларыбыздын көкүрөгүндө сакталган элибиздин нарк-насилин, каада-салтын, бай тарыхын жана көөнө маданиятын жаңы шарттарда колдонууда өзгөчө маанилүү экенин ырастады.

Эң ардактуу адамдарыбыз, карыяларыбызга кам көрүү – биздин башкы милдет. Сиздердин дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүшүңүздөр үчүн болгон күчтү жумшайбыз. Кудайга шүгүр, өлкөбүз өзүнүн өнүгүү жолун таап, өрдү көздөй кадам шилтеди. Эми сиздер менен биргеликте экономикасы гүлдөгөн, бейпилчилик өкүм сүргөн адилеттүү коомду, күчтүү мамлекетти курабыз.

Урматтуу аталар, ардактуу энелер, бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакубат жашоо, бактылуу карылык каалаймын! Кыргызстандын жаркын келечегин сиздер менен чогуу көрөлү.

Дагы бир ирет майрамыңыздар менен!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан