Премьер-министр
Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды 1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады. Өкмөт жетекчисинин куттуктоосунда булар айтылат:
"Урматтуу пенсионерлер, согуштун жана эмгектин ардагерлери!
Өкмөттүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди Улгайган адамдардын эл аралык күнү менен чын ыкласымдан куттуктайм! Бул күн дагы бир жолу сиздерге жылуу сөз айтып, терең ыраазычылык билдиргенге мүмкүнчүлүк түзүп жатат. Баарыңыздарга тынч карылыкты каалайм, ошондой эле сиздерге майрам күндөрү гана эмес, күн сайын бакубат жашоого ишеним берүү – биздин өтө ыйык жана бийик милдетибиз. “Кыргыз Республикасынын улгайган адамдары тууралуу” мыйзамды ишке ашыруу максатында өкмөт тарабынан ардагерлерибизге бейпил жашоо, бардар турмушту камсыз кылууга бир катар иш-чаралар кабыл алынды. Өкмөт тарабынан улгайган адамдарга үйүндө социалдык кызмат көргөзүү жана стационардык шартта минималдык социалдык стандарттарды аныктоо боюнча жобо бекитилди.
Ошондой эле пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумдун деңгээлине жеткирүү өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болуп эсептелет. Мисалы, 2013-жылы пенсиянын орточо өлчөмү 4526 сомду түздү, ал эми жашоо минимумдун өлчөмүнөн жогору пенсия алгандардын саны 2013-жылы 50 пайыздан жогору болду. Бул көрсөткүчтөрдү мындан ары дагы жогорулатуу жагдайында өкмөт тынымсыз иш алып барууда.
Урматтуу мекендештер!
Жыл сайын сентябрь айынын 15инен октябрь айынын 15ине чейин “Улгайган адамдарга көңүл бөлүп, камкордук көрүү” бир айлыгы өтүп турат. Бул багытта биздин ардагерлерге материалдык жардамдар берилип, бардык социалдык мекемелерде тийиштүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Учурдан пайдаланып бардык кыргызстандыктарды жашы улгайган адамдарга, ардагерлерге жардам берип, жанында болуп, толук камкордукка алууга чакырат элем.
Урматтуу ардагерлер!
Сиздер биздин балдарга, неберелерге жакшылыкка терең үмүт берип, көп жылдык турмуш тажрыйбаңыздар менен оор мезгилдерде баарыбызга тирек болдуңуздар!
Урматтуу ардагерлер, сиздерге өлкөбүздүн өнүгүшүнө кошкон зор салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем! Сиздерге ден соолук каалоо менен бирге ар дайым катарыбыздын алдынкы сабында бирге болушуңуздарды каалайм! Сиздерди дайыма кубаныч коштоп жүрсүн.
Майрамыңыздар менен!"