Алмазбек Атамбаев Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн күнү менен куттуктады

Бүгүн, 1-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда булар айтылат:

“Улуу урматтуу төрага!

Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 65 жылдыгы менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорду кабыл алыңыз.

Өнүгүүнүн акыркы жылдарында Кытай Эл Республикасы таасирдүү натыйжаларга жетишип, учурдагы дүйнөлүк саясатта өзгөчө орунду ээледи. Мында, албетте, сиздин жеке салымыңыз зор.

Ошондой эле сиздин көңүл буруп, дайым колдоп тургандыгыңыздын натыйжасында биздин мамлекеттердин ортосундагы эки тараптуу мамилелер өнөктөштүктүн жаңы баскычына көтөрүлүп, бардык тармактарда - саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө өз ара кызматташтыктын мындан аркы интенсивдүү жогорулашын белгилеп кетүү керек.

Дүйшөмбү шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин кеңешинин кезектеги отурумундагы биздин жолугушуубузду жана өз ара аракеттешүүнүн актуалдуу маселелери боюнча конструктивдүү пикир алмашуубузду жакшы маанай менен эстейм.

Өз кезегинде кыргыз-кытай стратегиялык шериктештикти жакшы коңшулаштыкты, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө жана кеңейтүү максатында бардык аракетти көрүүгө даяр экендигимди билдирем.

Сизге, урматтуу төрага мырза, чын ниетимден чың ден соолук, дос кытай элинин жыргалчылыгына, тынчтыгына жана гүлдөп-өнүгүшүнө багытталган мамлекеттик ишмердикте зор ийгиликтерди каалайм".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан