Бишкекте каза болгон адамдардын сөөгүн көмүү үчүн жер тилкесинин баасы 20-50 миң, айрым жерлерде 100 миң сомго чейин чыгууда. Бул тууралуу депутаттар парламенттин 1-октябрдагы жыйынында айтышты. Жогорку Кеңеште “Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Марс Саккараев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып: “Бишкекте сөөк коюу кызматынын баасы 3400 сомдон 4400 сомго чейин турат. Ал эми көмүүдө бул иш менен алектенип жүргөндөр өздөрү каалагандай бааны коюшат”,- деп билдирди.
Айрым депутаттар вице-мэрдин жообу ынандырбай турганын айтышты.