Депутаттар Бишкекте сөөк көмүү үчүн жер тилкесин акысыз берүүнү сунушташууда

Бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Сөөктү көмүү жана сөөктү коюу иши жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 2-окууда добуш берүүгө жиберилди. Депутаттардын суроолоруна демилгечилердин бири Татьяна Левина жооп берди. Анын айтымында, мыйзам долбоору сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши боюнча коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө жана сөөктү көмүүнү ишке ашырууга, анын ичинде сөөктү көмүү үчүн жер тилкесин акысыз берүүгө багытталат.  

Мыйзам долбоорун колдоого алган депутаттар шаарда да, айыл жеринде да жер бекер берилиши керектигин, каза болгондорго жер сатуу бизнесин токтотуу керектигин айтышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан