Жогорку Кеңеште Куралдуу күчтөрдүн башкаруу тутумун реформалоону ишке ашыруу максатында депутат Исмаил Исаков тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечинин айтымында, Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы түзүлүп (“Генеральный штаб” - расмий тилде), мыйзамдын мамлекеттик тилдеги вариантында ал “Башкы штаб” деп которулган. Күч мекемелеринин түзүмүндө “Главный штабдар” (расмий тилде) орун алган, алар дагы мамлекеттик тилде “Башкы штаб” деп аталышат. Ошондуктан “Генералдык штаб” жана “Генералдык штабдын башчысы” деген терминдерди колдонуу чечими кабыл алынды.
Андан тышкары кабыл алынган мыйзамдын 6-беренесинин 1-пунктундагы Куралдуу күчтөрдүн курамын аныктоочу түшүнүк иш жүрүмүндө кыйынчылыктарды жаратып, жүргүзүлүп жаткан реформанын маңызына шек келтирип жатканы айтылды. Анткени Коргоо министрлиги өкмөттүн курамындагы аткаруу бийлигинин органы катары командалык инстанция болууга тийиш эмес. Ошондуктан аталган 6-берененин 1-пунктуна жана ага тиешелүү ченемдерге дагы оңдоолор киргизилүүдө.