Бишкекте Кытай Эл Республикасынын 16 жараны милиция кызматкерин сабап салышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен бүгүн, 1-октябрда билдиришти.
Маалыматтарга караганда, бүгүн тоноочулук боюнча түшкөн арыздын негизинде аймактык милиция кызматкери Фрунзе жана Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишине барган. Ал жактан курулушта иштеген кытайлык жарандардын бири коомдук жайда тартип бузуп жаткандыгын байкап, аймактык милиция кызматкери ага эскертүү берген. Бирок экөөнүн ортосунда уруш келип чыгып, курулушта иштеген башка кызматкерлер да милиция кызматкерин ур-токмокко алып башташкан. Кытайлык жарандардын бул учурда мас экендиктери байкалган. Алар милиция кызматкерин арачалап калмакчы болгон жаранды да сабап салышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда, аймактык милиция кызматкерин кытай жарандары бир топ убакытка кармап отурушкан. Кийин укук коргоо органдары келип, тартип бузгандар Ленин РИИБине жеткирилди. Учурда окуянын чоо-жайы иликтенип жатат.