Парламентте ГЭСтерди куруу үчүн жерлерди которууга мораторий колдонбоо демилгеси каралды

Кыргызстанда ГЭСтерди куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонбоо демилгеленүүдө. Бул багыттагы мыйзам долбоору бүгүн, 1-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын кароосуна коюлду.  

Маалыматка ылайык, Жогорку Нарын ГЭС каскады сындуу ири электр энергетикалык өндүрүш ишканаларын куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонуу жайылтылбайт. Себеби чоң-чоң ГЭСтерди куруу мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү камсыздоого багытталары айтылууда. Баяндама жасаган юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, жерлерине ГЭС курулган жарандарга башка жактан жер бөлүү жагы Жер кодекси менен Жарандык кодексте белгиленген.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорунун концепциясы 1-окууда добуш берүүгө жиберилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан